www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мамлекеттик лотерея компаниясы" мамлекеттик ишканасынын директору пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин алдындагы Мамлекеттик лотерея компаниясынын («Кыргызлото») жетекчиси тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды.

«Тергөөнүн жүрүшүндө «Кыргызлотонун» жетекчиси К.В.В. мыйзамсыз баюу максатында потенциалдуу инвесторлор менен өз ара аракеттенүүдө акча опузалаган.

Тактап айтканда К.В.В. өлкөнүн лотереялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана акча салууга ниеттенген инвесторлордон 10 миң доллар, мындан тышкары ар бир лотерея билетин сатуудан "откат" талап кылган.

2025-жылдын 3-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында К.В.В. 10 миң доллардын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», - дейт УКМК.

Последние новости