www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мопед, скутер айдагандарга рейд уланууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы NazarNewsка билдирди.
Соңку учурларда мотоцикл, скутерлердин катышуусунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталып жаткандыктан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан мопед, скутер айдагандарга карата көзөмөл күчөтүлүп, рейдтик иш-чара уланууда.
Анын алкагында жол эрежелерин одоно бузуп, айрыкча түнкүсүн катуу үндөр менен элдин уйкусун бузуп, катуу ылдамдык менен айдап башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жараткандарга катуу чаралар көрүлүүдө.
Урматтуу жаранда мына ушундай эреже бузуу фактыларына күбө болсоңуз, ЖКККББнын 0777 102-102 ишеним номуруна жөнөтүп койсоңуз болот. Биз тараптан тийиштүү чаралар көрүлөт.