www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи май райондук соту «Кыргызнефтегаз» ААКдагы коррупцияга шектелген жарандарды камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 4 жаран 16-майга чейин 21-тергөө абагына киргизилди.
Алар:
1983-жылы туулган Н.Н.— «Кыргызнефтегаз» ААКтын башкармалыгынын мурдагы төрагасы;
1980-жылы туулган А.Р. — «Кыргызнефтегаз» ААКтын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары жана байланышы бар компаниялардын биринин директору;
1988-жылы туулган А.Н. — байланышы бар компаниялардын биринин директору;
1990-жылы туулган М.Б. — байланышы бар компаниялардын биринин директору;
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы «Кыргызнефтегаздагы» коррупция боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Анда ишкананын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери, ортомчулар жана сырьелорду негизсиз эсептен чыгаруунун натыйжасында компания 4 млрд сомдон ашык чыгымга учурашы мүмкүн экени айтылган. 2021-2025-жылдардагы операцияларды талдоо көрсөткөндөй, пайданы менчик түзүмдөргө чыгарып кетүүнүн 3 түрү аныкталган.