www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыртынан караганда “жылкы теппей, жылан чакпай” дегендей эле көрүнүш. Бирок көшөгө артында такыр башка... Курманкул Зулушев себебин түшүндүрбөй эле мандатын тапшырып, баса берди. Бул “пыркырор” 75 аксакалдын юристи болгонбу? Алардын активдүүлөрү менен кызматташып, тийешелүү буйруктарды аткарып турганбы? Көздөгөнү “жаңы президентти” ишке киргизүү беле? Айтор, суроолор арбын. Жоопторуна Зулушев үн ката албай мандатын тапшырып, саясаттан четтеп кетти. “Котур ташы койнунда” катылганбы?.. – деген пикирин арыба сайты жазып чыкты.

Чынында акыркы убакта бир нече эл өкүлдөрү “өз ыктыяры менен деген чапанды жамынып” мандаттарын тапшырып, “критке” чабылды. Демейде демигип чыгып сүйлөп, актанып алкынгандардын бири да көрүнбөй жатканы коомчулукта ар кандай талкууларды жаратууда.

Демек, президенттин алдында опол тоодой күнөөлөрү болгондуктанбы же башка себептер барбы — айтор, демиккен тас демиңди бас болуп, тынчып калышты көрүнөт. Болбосо эбак эле элирген экс-элчи Клара Саматты баш кылып, алдыга чыгышмак деген пикирлер да айтылууда.

Айрым серепчилердин баамында, Акылбек Жапаров баш болгон топтун Маскөөгө болгон майнапсыз кадамынан кийинки ой-максаттары ишке ашпай калгандай. Ошондон улам айрымдары акырын ойт берип, мындай жагдай экинчи кайталанбайт, дегенсип чөгөлөп олтуруп калгандай таасир калтырууда.

Эмнеси болсо дагы Жогорку Кеңешке кирип, мандаттын ырахатын толук көрө албай калгандарга боор ооруп карай турган болсоң, шайлоонун жүрүшүндө кеткен акчаларга өкүрүп ыйлагың келет. Жыйынтыгында өткөн күндөрдөгү табышмактуу талкуулар көпчүлүктүн эсинен чыкпай, дагы узак убакытка чейин коомдук пикирдин чордонунда кала турганы байкалууда. 

Баса, Жогорку Кеңештен кетчү “келиндердин” тизмеси азырынча дагы деле аяктай элек. Дагы 5-6 эл өкүлү түйүнчөгүн түйүп, акырын камдана берсе болчудай.

Жалпыга маалым болгондой саясаттын багыты башка өңүткө бурулганы 10-февралдан башталган. Ордо тарапка сыр бербей тизмеден толугу менен чийилгенин байкаса деле байкамаксан болуп олтурбай, акырын өздөрү жыйынтык чыгарып, камырдан кыл сууругандай кетип калганы туура болмок. Антпесе, баарын байкап, акырын башты чайкап тургандардын көбүнүн былыктары ачылчуудай.
  
 PS:
Акылбек Жапаров менен Клара Самат баштаган делегациянын Москвадагы жолугушууларынын чыныгы мазмуну тууралуу маалымат өзүнчө берилет.

Последние новости