www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан 2050-жылы экономикасын 200 миллиард долларга жеткирмекчи. Бул тууралуу бүгүн Садыр Жапаров “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде билдирди.
Министрлер кабинети 2030-жылга чейин экономиканы эки эседен ашык көбөйтүүгө, ички дүң продукциябыздын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүүнү көздөйт.
«Эң башкысы, мындай натыйжа 2050-жылга чейин улуттук экономикабызды 200 миллиард АКШ долларына жеткизүүгө негиз болуп бериши керек. Муну улуу максат, бийик амбиция, жалпы улуттук кыялыбыз десек да болот!», — дейт Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, учурда ички дүң продукция 13,7 миллиард долларды түзөт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстандын гана экономикасынын көлөмү 200 миллиард доллардан ашат.
Булак: NazarNews.kg