www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясы Орто-Сай базары тараптагы Сүйөркулов 16/1 дарегинде жайгашкан имараттан чыгарылган жарандардын маселесин дагы эле чече элек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.
Депутат Айбек Маткеримовдун билдирүүсүндө, 11 үй-бүлө эч кандай турак жай алган эмес.
«11 үй-бүлө балдары менен ар жакта жашап жатышат экен. Азыр мына парламенттин алдында турат. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй берилгени дагы жалган дешти», — дейт ал.
Эскерте кетсек, жогоруда аталган даректе жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 60 тургуну 1-мартта жашаган жеринен чыгарылган.
Мэриянын маалыматында, ал имарат көп кабаттуу үй эмес, жумуш кеңсе катары салынган.
Булак: NazarNews.kg