www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Bayraktar Akıncı сатып алууда: Анын өзгөчөлүктөрү

12-октябрда Кыргызстан Түркиянын Akıncı үлгүсүндөгү орто бийиктикте учуучу Bayraktar оперативдүү-тактикалык учкучсуз учагын сатып алганы белгилүү болду. Жаңы учкучсуз учактарды алуунун чоо-жайы азырынча ачыктала элек.

Bayraktar TB2 менен Akıncı түркиялык Baykar Makina компанияcы чыгарган аскердик техника. Bayraktar Akıncı Bayraktar TB2ден кийинчерээк чыгарылып, жакшыртылган түрү.

Алгач ирет Akıncı’нын сүрөттөрү ММКларга 2018-жылы чыккан. Ага украиналык АИ-450С кыймылдаткычы орнотулган. Бардык сыноо-текшерүүлөрдөн кийин былтыр август айында Түркиянын аскердик аба күчтөрүнө куралданууга алынган.

Бул дрондун жүк (ракета-бомба) көтөрүмдүүлүгү 1 миң 350 кг түзөт: ички 400 кг жана тышкы 950 кг.

Bayraktar Akıncı 12,2 миң метр бийиктикке чейин уча алары айтылат. Анын канатынын жайылышы 20 метр, узундугу 12 метрди түзөт. Максималдуу учуу салмагы – 5,5 тонна. Ал эң көп 24 саатка чейин тынымсыз учуп жүрө алат. Максималдуу ылдамдыгы саатына 360 чакырымга чейин жетет.

Ошондой эле Bayraktar Akıncı башкаруучу ракеталар менен жабдылгандыктан, ал жердеги гана эмес, абадагы буталарга сокку ура алат. Татаал аба шарттарында кынтыксыз иштөөсү үчүн дронго жасалма интеллект орнотулган.

Кыргызстан Түркиядан Bayraktar Akıncı дронунан канчаны алып жатканы ачыкталган жок, бирок түркиялык басылмалар биринчи этапта Кыргызстан Bayraktar Akıncı учагынан төрттү сатып аларын жазышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости