www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын борбору Тегеранда жайгашкан Эвин түрмөсүндө жекшембиге караган түнү өрт чыкты. Түрмөдө саясий негизде кармалган жарандык активисттер, журналисттер, чет элдик жарандар отурат.

Өрттүн себеби белгисиз. Ирандын маалымат каражаттары кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө. Бирок окуяга күбө болгондор социалдык тармактарга жайгаштырган видеодо сигнализациясынын сиреналары жана октун дабышы да угулуп турат.

Ирандын бийлигинин көзөмөлүндөгү журналисттердин жазганына караганда, өрт түрмөгө от койгон абактагылардын башаламандыгынан келип чыккан. Маалыматта тополоң чыгаргандар саясий туткундар эмес, майда кылмыштар үчүн соттолгондор экени белгиленген. Алдын ала маалыматка караганда, бул окуяда бери дегенде сегиз адам өлдү.

Социалдык тармактарга жарыяланган айрым сүрөттөрдө абактагылар өрттөн качып абактын чатырына чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Жабык жайга өрт өчүрүүчүлөр гана эмес, полициянын атайын күчтөрү да жиберилгени айтылууда.

Тегерандагы Эвин түрмөсү БУУнун докладдарында тыңчылыкка айыпталып кармалгандарды, саясий туткундарды жана чет элдик жарандарды кыйноого алган жай катары бир нече жолу белгиленген.

Эл аралык мунапыс уюму Иранда өткөн айда болгон каршылык акцияларында 23 бала өлтүрүлгөнүн билдирген. Уюм тараткан маалыматка караганда, 22 жаштагы Махса Амининин абакта каза болушуна байланыштуу тутанган ири толкундоолордо жалпысынан эки жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Жүздөгөн чет элдик жаран кармалып, алардын көбү Эвин түрмөсүнө камалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости