www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Тайвань менен тынчтык жолу менен биригүүгө умтулат, бирок күч колдонуудан баш тартпайт, деп билдирди Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Коммунисттик партиянын 20-съездинин ачылышында. Бирок ал Кытай «эч качан гегемондун ролун ойнобойт жана кеңейбейт» жана тынчтыкты сүйгөн тышкы саясатты уланта берерин белгиледи.

«Ак ниет ойлорду бекем кармануу жана бардык күч-аракетти жумшоо менен биз тынчтык жолу менен биригүү перспективасына умтулабыз, бирок эч качан күч колдонуудан баш тартпайбыз», - деди Си Цзиньпин. Анын пикиринде, “улуттук биригүү сөзсүз ишке ашат”.

Кытайдын төрагасы Пекин «тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жана «Тайвандын көз карандысыздыгын» жактаган өтө аз сандагы сепаратисттерге, ошондой эле сепаратисттик аракеттерге каршы» зарыл чараларды көрүү укугун өзүнө калтыраарын билдирди.

Си Цзиньпин белгилегендей, өлкө «улуттук коопсуздукту ар тараптуу бекемдөөгө» жетишти. Анын айтымында, Пекин «жаман күчтөргө» каршы күрөштө прогресске жетишүүдө. Кытайдын төрагасы Кытай Тайвань маселесин “жаңы доордо” чечүүнүн башкы планын сунуштаганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg


Последние новости