www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2026–2028-жылдарга карата каржылоо планы боюнча алкактык макулдашууну жактырды.
Каржылоонун жалпы көлөмү 1 миллиард 16 миллион 160 миң АКШ долларын түзөт.
Каржы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун айтымында, анын 34 миллион доллары грант түрүндө, ал эми 982 миллион доллары жеңилдетилген насыя катары берилет. Насыянын мөөнөтү 25 жылды түзүп, анын алгачкы 5 жылы жеңилдетилген мезгил болот. Жылдык пайыздык үстөк болжол менен 1,5 пайызды түзөт.
Алынган каражаттарды төмөнкү багыттарга жумшоо пландалууда:
* экономиканы колдоого — 400 миллион доллар;
* энергетика тармагына — 367,7 миллион доллар;
* ирригация жана калкты таза суу менен камсыздоого — 174,6 миллион доллар;
* санариптештирүүгө — 51 миллион доллар;
* башка тармактарга — 22,8 миллион доллар.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2025-жылдын аягына карата 8,9 миллиард долларды же өлкөнүн ички дүң продукциясынын 39,5 пайызын түзгөн.