www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык жол долбоорлору ишке ашырылууда. Негизги долбоорлордун бири катары Балыкчы – Бедел унаа тилкесинде узундугу болжол менен 9 чакырымды түзгөн туннель курулат.
Транспорт министри Талантбек Солтобаев «Ачык кабинет» программасында билдиргендей, өлкөнүн артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлорунун бири болгон Чаткал – Алабука – Талас автожолунун 170 чакырымдык бөлүгүн реконструкциялоо иштери да уланууда.
Аталган долбоорлор Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен транспорттук байланышын чыңдоого, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул объектилерди ишке ашыруу жакынкы жылдары этап-этабы менен жүргүзүлөт.