www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк шылуундар тууралуу эскертүү берди

Улуттук банк жарандарды алдаган шылуундар жаңы ыкма колдонуп жатканын эскертти. Алар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө.

Шылуундар кээде Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди колдонуп, “Түндүк” системасы бузулганын жана жарандардын атына насыя алынганын айтып коркутушат. Андан кийин “акчаны сактап калуу” шылтоосу менен каражаттарды “коопсуз эсепке” которууну сунушташат.

Улуттук банк мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырып, жарандарга жеке маалыматтарды, банк реквизиттерин жана сыр сөздөрдү эч кимге бербөөнү эскертти. Шектүү билдирүү түшкөндө дароо сүйлөшүүнү токтотуп, банкка же укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталды.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта жарандар “Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө насыя алууга тыюу сала алышат. Азыркыга чейин 218 миңден ашык адам бул мүмкүнчүлүктү колдонгон.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын алгачкы төрт айында телефон жана интернет алдамчылыгына байланыштуу 4 миңден ашуун учур катталган.

Последние новости