www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан буудайды негизинен Орусиядан сатып алса, унду Казакстандан алат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.
Эскерте кетсек, Кыргызстан эгин менен өзүн-өзү толук камсыздай албайт. 2023-жылдын январь-октябрь айларында өлкө 244,9 миң тонна буудай импорттогон.
Саткан өлкөлөр:
Орусия — 237,4 миң тонна;
Казакстан — 7,5 миң;
Түркия — 200 кг.
2022-жылы 214 миң тонна буудай сатып алган, дээрлик баарын Россия экспорттогон.
Буга чейин Кыргызстан буудайды негизинен Казакстандан алып келсе, кийинки убактарда Россияга ыктай баштады.
Былтыркы жылдын он айында республика 27,1 миң тонна буудай унун төмөнкү мамлекеттерден сатып алган:
Казакстан — 24,4 миң тонна;
Орусия — 2,6 миң;
Өзбекстан — 68 тонна;
Түштүк Корея — 200 кг.
Ал эми 2022-жылы 26,9 миң тонна ун импорттогон.
Жыйынтыктай келгенде Кыргызстан керектүү ун менен буудайды негизинен ЕЭАБ өлкөлөрүнөн алары белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg