www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ирригация тармагын жакшыртуу үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча 2 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнөт. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, 4-январда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун сугат суу системасын жакшыртуу боюнча көчмө жыйынга барганда айтылды.

Бакыт Төрөбаев Панфилов, Москва, Сокулук, Аламүдүн райондорундагы бир катар ирригациялык объектилерди көрүп чыгып, №2 суу сактагычын толтуруу үчүн алты скважинаны калыбына келтирүү тапшырмасы берилди. Көчмө жыйында Чүйдөгү Агермен, Кара-Тума, Макачи, Спартак, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын, Молтобар, Ак-Суу, Шорго декадалык жөнгө салуучу бассейндерин жана “Совхозный” каналын реконструкциялоо иштери да текшерилди.

Акыркы жылдары Борбор Азияда болгон кургакчылык жана сугат суу тартыштыгынан улам Кыргызстандын ар кайсы облусундагы дыйкандар бир нече жолу нааразылык акцияларга чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости