www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Кыргызстандын чет өлкөлөрдө 33 элчилиги жана 10 башкы консулдугу бар. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.

Анын айтымында, республика өзүнүн менчигинде 14 элчилик имараты, 5 резиденция жана 31 батирге ээ.

- 2023-жылы элчиликтер үчүн Венгрияда жана Парижде имараттар сатып алынды.  2024-жылы Берлинде биздин дипломаттар үчүн төрт батир алынды. 2025-жылы Сеулда элчилик имарат сатып алынды. Венада сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, - деди ал.

Ал 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Англияда жана Японияда элчиликтер үчүн имараттарды сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.

Последние новости