www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан түркмөн газынан өндүрүлгөн электр энергиясын Кыргызстанга жеткирди.

Газета.уз басылмасы жазгандай, бул Өзбекстан менен Кыргызстандын энергетика министрликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. Анда 2021-жылдын 11-мартындагы протоколго ылайык, электр энергиясын өз ара жеткирүү тараптар бекиткен графиктин негизинде ишке ашары белгиленген.

“Борбор Азия чөлкөмүндөгү суунун аздыгын эске алуу менен Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн түшүп кетишине жол бербөө үчүн тараптардын ортосундагы макулдашууга ылайык, Кыргызстанга түркмөн газынан өндүрүлгөн электр энергиясы жеткирилди”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле маалда контрактык негиздеги макулдашууларга ылайык, Түркмөнстандан Кыргызстанга электр кубаты Өзбекстандын энергосистемасы аркылуу жеткирилип жатаканы айтылган.

Тараптар 2023-жылы түркмөн электр энергиясынын транзитин камсыздоого багытталган келишимдерге да кол коюшкан.

Эки өлкө кол койгон протоколго ылайык, Өзбекстан ашык электр кубатын Кыргызстанга зарыл маалда жеткирип, аны кайра жайында кайтарып алат. Ошондой эле кыргыз тарап Өзбекстанды сугат учурунда суу менен камсыздайт.

“Жайында сууга муктаждыгыбыз бар. Бирок алар кышында электр энергиясына муктаж. Кандай макулдаштык: бизде ашык болуп калганда электр кубатынын кайсы бир бөлүгүн аларга жеткиребиз, ал эми алар жайкысын үч ай аралыгында аны кайтарып беришет. Бул деген гидроэлектростанция иштеп жатканда суу Нарын жана Сырдарыяга агып турат дегенди билдирет. Бул Фергана өрөөнүндөгү облустардын, Сырдарыя жана Жизак облустарынын айыл чарбасына өтө катуу таасирин тийгизет. Бул биз тапкан эң жеңил жана тез жол”, - деген мартта Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Шерзов Хожаев.

Декабрдын ортосунда Өзбекстан Түркмөнстандан жаратылыш газын импорттоону көбөйтүү боюнча макулдашууга жетишкен. Үч ай бою 1,5 миллиард кубометр газ импорттоо пландалууда. Бул кыш мезгилиндеги тартыштыкты жабууга жардам берет деп күтүлүүдө.

2021-жылы Кыргызстанда электр энергиясынын керектелиши 16,2 млрд. кВт/саатка жеткен. Керектөө көлөмү жыл сайын 5-6 % өсүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости