www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасы кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Европа конвенциясына кошулуу боюнча расмий чакыруу алды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Бул чечим эл аралык укуктук кызматташтыкты кеңейтүүгө, чет мамлекеттер менен кылмыш иштери боюнча өз ара жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана кылмыштуу активдерди издөө мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Мындан тышкары,
Франциянын Страсбург шаарында өтүп жаткан Европа кеңешинин PC-OC комитетинин 89-пленардык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү соттолгон адамдарды өткөрүп берүү маселелери боюнча жумушчу топтун курамына киргизилди.
Маалыматка ылайык, бул кадам Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги укуктук кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө багытталган.