www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги билдирди.
Жээнбек Кулубаевди Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок жылуу тосуп алды. Бербок Европадагы беттегенин бербеген, оюн ачык айткан күчтүү саясатчылардын бири. Ал бүгүнкү геосаясий абалда Борбордук Азиянын оор абалына тынчсызданат. А бирок Германия Кыргызстанга кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүүгө даяр экенин белгилейт.
Кыргызстан биринчи кезекте соода-экономикалык, саясий көз карандысыздыкка жетүүнү максат кылат. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин баамында бул үчүн тышкы саясатты тең салмактап жүргүзүү аракети күч. Мында Германиянын орду чоң. Колдоосу маанилүү. Ал аркылуу Кыргызстан Европа менен кызматташууга жол ача алат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү ниети жөнүндөгү билдирүүгө кол коюлду.
"Суу көйгөйү бул коопсуздук маселеси. Эгер ал адилеттүү туура чечилбесе, ал чечилген эрежелердин сакталышына эл аралык коомчулук, күчтүү мамлекеттер кепил болбосо эртең Орто Азия өлкөлөрү ортосунда суу талаштан чоң чыр чыгышы мүмкүн. Биз буларды алдын-ала, ири мамлекеттео менен алардын саясий кадыр-баркын пайдаланып, алардын региондордогу ушул маселелерди чечүү тажрыйбасын пайдаланып, бул маселелерди чечишибиз керек", - деди Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев.
Евробиримдиктин “Жашыл Борбордук Азия” жана экологияны коргоо боюнча демилгелери али күчүндө экени Германия Президентинин администрация жетекчиси, мамлекеттик катчы Дете Дингердин Жээнбек Кулубаев менен пикир алышуусунда айтылды.
Ал эми, энергиянын кайра жаралуу булактары, транспорт, логистика сыяктуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорго Германия канцлеринин ведомствосунун тышкы саясат жана коопсуздук тобунун жетекчиси Кристиан Аульбах кеңири токтолду.
"Бүгүн электромобилдер ар бирибиздин үйүбүзгө кирип келди. Бүгүн дүйнөдө жашыл калыбына келүүчү энергетика актуалдук болуп отурат. Биз Германия менен ушул багытта иштеп Кыргызстанда күндөн, шамалдан, суудан алынган электр энергиянын бир бөлүгүн жашыл суутекке айландырып Германияга сатабыз деген ниетибизди билдирдик. Алар буга кызыктар", - деди Текебаев.
Кыргызстан менен Германия ортосундагы экономикалык кызматташтык Тышкы иштери министри Жээнбек Кулубаев Германия экономикасынын чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолукканда көз жаздымда калган жок. Министр мырза андан тышкары Германиянын жаратылышты коргоо министрлигинин статс-катчысы Кристиан Роледер, Бундестаг депутаты Андреас Ларем жана ардактуу консулдар менен кезикти. Бардык учурда Кыргызстандын кызыкчылыгы биринчи орунга коюлуп, жемиштүү өнөктөштүккө маани берилип жатты.
Булак: NazarNews.kg