www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан кайрадан Казакстанга суу берип баштады

Кыргызстандын Киров суу сактагычынан Казакстандын Жамбыл облусуна суу берилип баштады. Бул тууралуу Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри билдирди, деп жазды «Informburo.kz».

Министрдин айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык кеңешинин соңку жыйынында Кыргызстандын айыл чарба министри менен Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берип баштоо макулдашылган.

«Учурда суу сактагычтан 12 куб метр суу алынып жатат, ал Жамбылдагы суу сактагычтарга топтолууда», - дейт казак министри.

Ал 2 ай Киров суу сактагычынан суу алууга бөгөт коюлганын айтып, бул убакытта Кировдо суу топтолгонун билдирди.

Ушул жылы 10-августта Кыргызстан Казакстанга суу берүүнү токтоткон. Себеби Киров менен Орто-Токой суу сактагычында суу жок экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости