www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында автобус-троллейбустун жол киресин карта менен төлөсө 11 сом, ал эми накталай төлөй турган болсо 30 сом кылуу сунушталды. 

Бул тууралуу: «Жүргүнчүлөрдүн баары накталай эмес төлөмгө өтсүн деп жатабыз. Себеби улам 30 сомдон төлөй бергенче бир жолу карта сатып алып, ошол аркылуу 11 сомдон төлөп жүрө берет», - деди вице-мэр Максатбек Сазыкулов.

Автобус-троллейбустун тарифи 11 сом болгону менен өздүк наркы азыркы кезде 19 сом 70 тыйынды түзүп жатканы, муниципалдык коомдук транспорттун чыгымын жабууга шаардык бюджеттен каражат талап кылынары да белгиленди.

Накталай төлөсө 30 сом деген тарифди шаарга жаңы автобустар толук келип бүткөнчө колдонуу сунушталууда.

«Тулпар» картасынын өзү алгач 30 сомдон сатылган, азыр 50 сом болууда. Ага бирдик сыяктуу каалаган суммада каражат толтуруп, жол кирени 11 сомдон төлөп турса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости