www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн өсүмдүк майын сатып алат?

Кыргызстан күн карама майынын бир тобун чет өлкөдөн сатып алат.

Эске салсак, өлкө өзүн-өзү өсүмдүк майы менен 20 пайыздын тегерегинде гана камсыздайт.

Кененирээк болушу үчүн төмөндө өткөн жылга карата маалыматты толугу менен алдык. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга бул продукциянын дээрлик 39,4 миң тоннасы импорттолгон.

Экспортчу өлкөлөр:

Орусия – 28 миң 089,8 тонна;

Казакстан — 11 миң 120,3 тонна

Азербайжан — 124,1 тонна;

Өзбекстан — 10,5 тонна;

Беларусь — 8,5 тонна;

БАЭ — 3 тонна;

Түркия — 1,7 тонна.

Белгилей кетсек, өсүмдүк майында күн карама майынын үлүшү басымдуулук кылат. Маселен, өткөн жылы 150 тоннага жетпеген зайтун майы, 1,7 миң тоннадан бир аз ашык пальма, 800 тонна кокос жана 86 тонна кычы май импорттолгон. Калганы күн карама майы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости