www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү май жеткирүү маселесине байланыштуу импорттук багыттарды кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Буга Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун сунуштарынын азайышы жана күйүүчү май экспортундагы чектөөлөр себеп болууда.

Маалыматка ылайык, өкмөт Орусия менен ай сайын 100 миң тонна күйүүчү май жеткирүү боюнча келишим түзгөн.

Ошондой эле Азербайжан менен мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган.

Мындан тышкары, Кыргызстан күйүүчү май импортун Кытай, Беларусь, Казакстан жана Өзбекстан аркылуу көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына караганда, Орусиядан келген бензин боюнча сунуштар дээрлик токтогон.

Ал эми Кытайдан ташылып жаткан көлөм өлкөнүн күнүмдүк керектөөсүн толук камсыздоого жетишсиз.

Кыргызстан жылына болжол менен 2 млн тонна күйүүчү май керектейт.

Анын 95 пайызы буга чейин Орусиядан импорттолуп келген.

Өкмөт өлкөдө күйүүчү майдын эки айлык запасы бар экенин билдирүүдө.

Адистердин пикиринде, учурдагы кырдаал Кыргызстанды күйүүчү май жеткирүү булактарын көбөйтүүгө жана бир өлкөгө болгон көз карандылыкты азайтууга түртүүдө.

 

 

 

 

 

 

Последние новости