www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЮКыргызстанда «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга кирген өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

Жаңы нормаларга ылайык, мыйзамда алгач ирет сексуалдык асылуу (харассмент) жана эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук түшүнүктөрү так аныкталды.

Эми жумушка кабыл алууда талапкердин үй-бүлөлүк абалы, балдарынын бар-жогу, кош бойлуулук же бала төрөө пландары тууралуу суроолорду берүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдарда бир жыныстагы кызматкерлердин үлүшү 70%дан ашпоого тийиш.

Эгер сынактан эркек менен аял бирдей жыйынтык көрсөтсө, мекемеде аз өкүлчүлүк кылган жыныстагы талапкерге артыкчылык берилет.

Мыйзам гендердик басмырлоону азайтууга, эмгек чөйрөсүндөгү коопсуздукту күчөтүүгө жана сексуалдык асылууга кабылган адамдардын укугун коргоону жакшыртууга багытталган.

Ошондой эле гендердик тең укуктуулукту бузган аракеттер үчүн айып пул жана эркинен ажыратууга чейинки жоопкерчилик каралган.

Последние новости