www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Кытайдан 304,5 млн доллар насыя алат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жеңилдетилген насыя берүү тууралуу макулдашууну жактырды.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстан Кытайдан 2,074 млрд юань (304,5 млн доллар) өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алып, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушундагы өз үлүшүнүн бир бөлүгүн каржылоону пландоодо. Насыя 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгил менен жана жылдык 1,5 пайыздык үстөк чен менен берилет.

Долбоордун жалпы баасы 4,7 млрд долларды түзөт. Биргелешкен компаниядагы үлүштөр Кытайга — 51 пайыз, Кыргызстан менен Өзбекстанга — 24,5 пайыздан бөлүнгөн.

Последние новости