www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн иликтөөнүн алкагында дагы бир шектүүнү кармаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында жана Россия Федерациясынын Свердлов облусунда бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп шектелген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран кармалган.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө анын аталган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экени аныкталган. Шектүү башкарган Toyota Prius үлгүсүндөгү автоунаага жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүүдө жалпы салмагы болжол менен 5 грамм болгон психотроптук зат деп болжолдонгон зат табылып, алынган.
Тергөөнүн жыйынтыгында Т.Д.га Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») боюнча айып тагылып, ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоо, уюшкан кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоо жана алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин текшерүү боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылып жатканын ИИМ билдирди.