www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштады

Кыргыз тарап Кытайга электр энергиясын экспорттоо маселесин карап көрүүнү сунуштады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Кытай тарап бул сунушту изилдөөгө даяр экенин билдиргени айтылат.

Президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Мамлекет башчылары эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын маанилүү жана келечектүү багыттарына токтолушкан.

Анда инфраструктура, транспорт, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, санариптештирүү, туризм, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүдө кызматташтыкты жолго коюу жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү маселелери көтөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости