www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун бейрасмий лидери Мамадбокир Мамадбокиров жана дагы алты санаалашына кылмыш жасаган деген айып тагылууда. Жергиликтүү булактар “Озоди" радиосуна маалымдашкандай, тартип коргоочулар ал кишилерге өз ыктыяры менен багынып берүү үчүн бир апта беришти. Сөз болгон адамдар мыйзам бузууларга тиешеси жоктугун айтышууда.

Жергиликтүү жашоочулар аскерлерди Мамадбокировдун үйүнүн жанына жайгаштыруу аракети көрүлгөнүн, бирок эл ага жол бербегенин, түн ичинде көчөлөрдү кайтарышканын айтып беришти.

Акимчиликтин басма сөз кызматынын өкүлү социалдык тармактарда кырдаалды көбүртүп сүрөттөп жатышканын, ал кабарлар чындыкка коошпогонун билдирди. Анын айтымында, жалган маалыматтарды чет өлкөлөрдөн кээ бир кишилер таратып жатышат.

Ал арада айрым укук коргоочулар облустун борбору Хорогдо күч колдонууну токтотууга чакырышты.

Февралдын башында Тоолуу Бадахшандын башкы прокуратурасы Мамодбакировго каршы бир нече берене менен иш козгогон. Ал өзү эч кандай күнөөсү жоктугун айтууда.

Былтыр ноябрда Хорогдо жергиликтүү тургун күч түзүмдөрүнүн операциясында каза тапкандан кийин нааразылык акциялар тутанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости