www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Силерди С. Жапаров, К. Ташиев, Т. Мамытов, Н. Түлеев, А.Келдибековду камагандар азыр бийликке барып жатат. Мындай пикирин саясатчы Жылдыз Жолдошова билдирди.

«Өмүрбек Текебаевдин Германияга элчи болуп кетип жатканын эл терс кабыл алды. Эми Facebook социалдык тармагында өзүнүн фейктери аябай кооз сөздөрдү жазып жатат. Бирок, бул элдин сөзү, элдин оюу эмес.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Ош окуясы ошол бийлик соодалашып туруп, кызмат берип, оозун жаба турган маселе эмес. Бул миңдеген киши каза болгон улуттук трагедия, ошону менен бирге шейит кеткен балдарыбыздын арбагы тынчый элек. Ошон үчүн Өмүрбек Текебаевди Германияга элчи кылып кетирүү өтө чоң жаңылыштык, катачылык болду.

Бул бир эле Ош окуясына тиешелүү эмес, силерди С. Жапаров, К. Ташиев, Т. Мамытов, Н. Түлеев, А.Келдибековду камагандар азыр бийликкке барып жатат. Муну менен коомго аябай терс көрүнүштү, таалим-тарбияны алып келип жатасыңар. Ошон үчүн мен суранып кетем, Садыр Нургожоевич, Ош окуясын аягына чыгарсаңар, жоопкерчилик менен иш кылгыла, эгер аягына чыгарбасаңар ачылган кылмыш ишин жөн эле токтотуп койсоңор.

Анткени, кайсы бир учурда өз эли-жерин сүйгөн, чыныгы мекенчил "экинчи Ош окуясы кайталанбасын" деген күчтүү президент келеби же прокурор келсе Ош окуясын аягына чыгарат деп ишенем.

Убагында Ата мекендик согуштада фашисттерди 80ге чыкканда да Эл аралык соттор аларды соттогон. Ошон үчүн жан дилим менен суранам, эгерде аягына чыкпасаңар Ош окуясына тийишпегиле», - деди Жолдошова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости