www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Ливия элине көңүл айтат

Кыргызстан табигый суу ташкындарынынкесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ливия элине терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

КР Тышкы иштер министрлиги жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин жана бардык дайынсыз жоголгондордун аман-эсен табылышын тилеп, оор сыноо саатын башынан өткөрүп жаткан Ливия элине сабырдуулук, кайраттуулук жана биримдик каалайт.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында Ливиянын чыгышында суу ташкыны болуп, 3 миңдей адам курман болгон. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына таянсак, 7 миңден ашуун киши дайынсыз жоголгон.

Алдын ала маалыматка караганда, табигый кырсыкка "Даниэль" циклону себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости