www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-сентябрда президент Садыр Жапаров Бишкекке жакын жайгашкан №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөө шарттары менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашты.

Аскер бөлүгүнүн аймагындагы совет мезгилинде курулган имараттардын көбү бүгүнкү күндө бир топ эскирген.

Мамлекет башчысы кызмат өтөө шарттары менен таанышкан соң, жоокерлер клубунун жана бөлүк штабынын жаңы имараттарын куруп баштоону, ошондой эле казарма жайгашкан 4 кабаттуу имаратта оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге президент Жапаров бөлүктүн аймагында жакынкы аралыкта курулушун баштоо пландалып жаткан бала бакчанын курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин дагы көрдү.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости