www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын түндүгүндө өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Травматология жана ортопедия улуттук илимий-изилдөө борборунда иштеген белгилүү травматолог Доржо Аюшеев менен кыргызстандык мигрант шектүү менен мессенджерде аркылуу таанышып калышканы белгилүү болду. 

Өзбек жараны эмне себептен бул кадамга барганын так айткан эмес.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 56 жаштагы дарыгер Telegram-группа аркылуу Хасанбой аттуу жаш жигит менен таанышып калган. Аюшеев 11-сентябрда интернет-маектешин Фестивальная көчөсүндө жайгашкан эки бөлмөлүү евро батирине чакырган. 

Аюшеевдин жансыз денесин батиринен 40 жаштагы жээни тапкан. 

Кылмышкер маркумдун банк карталарын алып, дүкөндөрдүн соода кылганга жетишкен.

Ошол эле күнү ал «Дружба» сейил багындагы сыра сатуучу жайдан кыргызстандык 25 жаштагы эмгек мигранты менен жолугушууга барган. Алар да Telegram-группа аркылуу таанышкан. Алардын жолугушуусу экинчи мыкаачылык киши өлтүрүү менен аяктаган. Мигранттын башы жок денесин күзөтчү таап алган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө видеокамераларга дарыгер батирине белгисиз жигитти ээрчитип бара жатканы тартылып калган. Кыска убакыттын ичинде кылмыш иликтөө кызматкерлери киши өлтүргөн 22 жаштагы Хасанбой Махамаджонов экенин аныкташкан. Ал Зеленограддагы туугандарынын үйүнөн кармалган.

Махмаджонов Өзбекстандан Москвага 10-сентябрда учуп келген. Анын туруктуу иштеген жумушу жок. Шектүүнүн ата-энеси жок, агасынын колунда чоңойгон. Бала чагында зордук-зомбулук көрсөтүлбөгөнү айтылат. Кылмыштын себебин айткан эмес, ал психиатриялык экспертизага жөнөтүлөт.

Эске салсак, 12-сентябрда Москванын түндүгүндөгү "Дружба" сейил багынан кийин Фестивальная көчөсүндөгү батирден башы кесилген жансыз денелер табылган. Маркумдар бири биринен 800 метр алыстыкта ​​болгон. 

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости