www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Беларусь өлкөлөрүнүн ортосундагы мектептик билим берүү жана маданий алмашуу уланууда. 7–13-август күндөрү Кыргызстан Минск шаарындагы Жумаш Асаналиев атындагы №11 орто мектептин окуучуларын кабыл алууда.

Беларусиялык окуучулар Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо-реабилитациялоо комплексинде эс алып, аймактын тарыхый жана маданий жайлары менен таанышууда.

Сапардын алкагында коноктор Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы Жумаш Асаналиев атындагы мектепке барып, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин элесине арналган митинг-реквиемге катышты.

Ошондой эле окуучулар үчүн экскурсиялык программа уюштурулуп, алар Жыргалаң курортуна, Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы музейине жана «Рух Ордо» маданий борборуна барышты.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Минск шаарындагы №11 орто мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылган.

Акыркы эки жылда кыргызстандык окуучулар Беларусь өлкөсүнө барып, балдар лагерлеринде эс алып келишкен.

Быйыл билим берүү жана маданий алмашуунун алкагында Кыргызстан Минск шаарынан келген окуучуларды биринчи жолу кабыл алууда.

Последние новости