www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия Арменияга аскердик кеме сунуштады

Индия Арменияга өзүнүн аскердик кемелеринин бирин өткөрүп берүүнү сунуштаганы тууралуу маалымат тарады.

Армян басылмалары маалымдагандай, Индия менен Армениянын ортосунда жаңы курал-жарак келишими талкууланып жаткан учурда индиялык тарап Ереванга өзүнүн кемелеринин бирин берүүнү сунуштаган.

Маалыматка караганда, сөз 1983-жылы Индиянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн курамына кирген «Годавари» тибиндеги кеме тууралуу болуп жатат. Бул кеме Индиянын жергиликтүү кеме куруу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүдөгү маанилүү долбоорлордун бири болгон.

Бирок азырынча Армения бул сунушту кабыл алган-албаганы жана кемени иш жүзүндө өткөрүп берүү чечими кабыл алынганы тууралуу расмий маалымат жок.

Мындан тышкары, Армениянын деңизге чыгышы жок болгондуктан, мындай аскердик кемени кандай максатта пайдаланары да суроо жаратууда.

Ошол эле учурда Армения менен Индиянын аскердик-техникалык кызматташтыгы акыркы жылдары активдүү өнүгүп, тараптар коргонуу тармагындагы бир катар келишимдерге кол коюшкан.

Последние новости