www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы мектептерде жогорку класстын окуучулары кызыгуусуна жана келечектеги кесибине жараша билим алуу багытын тандай баштайт.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, профилдик окутуу 2026–2029-жылдары үч этап менен киргизилет.
Биринчи этапта 8-класстарда профилге чейинки даярдык башталып, жогорку класстарда кесиптик-колдонмо багытындагы программалар сыноодон өткөрүлөт.
2027–2028-окуу жылында даярдык 9-класстарга жайылтылып, 11-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багытындагы окутуу башталат.
Ал эми 2028–2029-окуу жылынан тарта профилдик окутуу 12-класстарга киргизилет.
Жаңы система окуучулардын жөндөмүнө, кызыгуусуна жана келечектеги кесиптик тандоосуна ылайык билим алуусуна шарт түзүүгө багытталган.