www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-сентябрда Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри А.К. Имангазиев Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору А.М. Рыскулова менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагындагы эмгек миграциясы, эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык корголушу, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарынын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.

Министр Кыргызстандын жарандарынын ЕАЭБ өлкөлөрүндө болуу жана эмгек ишмердигин жүргүзүү шарттарын жеңилдетүүгө багытталган механизмдерди мындан ары өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде ЕЭКтин өкүлү Кыргызстан менен кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, эмгек миграциясы процесстерин санариптештирүү жана бирдей социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча Комиссиянын демилгелери тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү бекемдөө жана социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантуу боюнча макулдашты.

Последние новости