www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жаткан учурда айрым китептердин базарларда сатылып жатканы коомчулукта талкуу жаратууда.

«Учкун» басмаканасы китептерди Агартуу министрлигинин буйрутмасы менен чыгарарын, бирок басылып чыккан продукцияны буюртмачыга өткөрүп бергенден кийин анын кийинки тагдырына көзөмөл жүргүзбөй турганын билдирди.

Буга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев китептердин базарга кантип чыгып кеткенин аныктап, тиешелүү чара көрүүнү ИИМ, УКМК жана Агартуу министрлигине тапшырды.

Ал эми Агартуу министрлиги келечекте окуу китептерине QR-код коюу пландалып жатканын маалымдады. Бул аркылуу китептин кайсы аймакка жана мектепке берилгенин көзөмөлдөө мүмкүн болот.

Последние новости