www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана милициянын кайгуул кызматы мектептерде профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Иш-чаралардын негизги максаты — окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, жашы жете электер арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу, ошондой эле балдар арасындагы жана балдарга карата зомбулук менен буллингге жол бербөө.

Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери окуучулар менен жолугушууларды өткөрүп, зомбулуктун түрлөрү, анын кесепеттери жана буллингдин алдын алуу жолдору тууралуу маалымат беришүүдө. Ошондой эле балдарга бири-бирин сыйлоо, чыр-чатактуу кырдаалдарда сабырдуу болуу жана коркунуч жаралган учурда ата-энеге, мугалимге же тиешелүү кызматтарга кайрылуу зарылдыгы түшүндүрүлүүдө.

Мындан тышкары, окуучуларга алардын укуктары жана милдеттери, коомдук жайлардагы жүрүм-турум эрежелери жана укук бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымат берилүүдө.

Ал эми кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү сабактарын өткөрүп, жолду коопсуз кесип өтүү, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелерди пайдалануу, жол белгилерин жана жол чырактын талаптарын сактоо боюнча кеңештерди беришүүдө. Окуучуларга жолдо бара жатканда уюлдук телефонго алаксыбоо да эскертилүүдө.

Ош ШИИБдин маалыматына караганда, профилактикалык иштер окуу жылынын жүрүшүндө да улантылат.

Милиция ата-энелер менен мугалимдерди балдардын коопсуздугуна, жүрүм-турумуна жана психологиялык абалына көңүл бурууга чакырды.

Последние новости