www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14–18-сентябрда Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын «Бирдиктүү саламаттык» программасын ишке ашырууну колдоо боюнча миссиясы өтүп жатат.
Миссиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (APIU) менен алгачкы жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риддел, айыл чарба боюнча улук адис жана долбоордун жетекчиси Пьер Гербер, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улук адис жана долбоордун тең жетекчиси Найджел Росс Хьюз жана банктын башка адистери катышты.
APIU тараптан бөлүмдүн директору Т.К. Тулеев, «Бирдиктүү саламаттык» долбоорунун координатору Б.З. Калдыбаев жана башка адистер катышты.
Жолугушууда долбоорду ишке ашыруу пландары, алдыдагы негизги милдеттер жана мындан аркы иштерди координациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле программаны ишке ашыруунун практикалык аспектилерине, жооптуу түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүнө жана кийинки кадамдарга көңүл бурулду.
«Бирдиктүү саламаттык» программасы адамдын жана жаныбарлардын саламаттыгын, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо багыттарындагы секторлор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Мындан тышкары, программа азык-түлүк системаларынын туруктуулугун жогорулатууга жана пандемиялык коркунучтардын алдын алууга багытталган.