www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхард менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Медер Абакиров Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, саясий диалогду өнүктүрүүгө жана бардык деңгээлдердеги байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушууда авиация, эмгек миграциясы, билим берүү, туризм жана экономика тармактарындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулуп, Кыргызстан менен Германиянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгү да талкууланды.
Өз кезегинде Германиянын элчиси Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, мындан ары да консультацияларды улантууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана эки тараптуу, көп тараптуу форматтагы диалогду үзгүлтүксүз улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.