www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунда терминалды бузуп, акча каражаттарын уурдап кетүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-июнь күнү Кара-Суу РИИБге Кара-Суу районунун ондон ашуун жашоочулары арыз менен кайрылышкан. Анда: райондун аймагында жайгашкан унаа жуучу жайлардагы терминалдарды бузуп, акча каражаттарын белгисиз жарандар уурдап кеткендиги боюнча кайрылышкан.
Бул факты Кара-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Видеокөзөмөл камералары аркылуу кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган З.у.Т., 2001-жылы туулган Б.Э., 2007-жылы туулган Т.А., жана 2002-жылы туулган К.к.Э., аттуу жарандар Ош шаарынын аймагынан кармалышып, тергөө кызматына жеткирилген.
Текшерүү учурунда шектүүлөрдүн жанынан башкарып жүргөн мотоскутери жана жүзүн жашырып кийип жүргөн мотошлемдери табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө З.у.Т., жана Б.Э., буга чейин соттолуп, пробациялык көзөмөлдө каттоодо тургандыгы аныкталып 2 айга камакка алынды. Ал эми алардын кылмыштуу шериктери Т.А.,. жана К у Э., башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат түрү тандалып алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.