www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ак-Жол айылында «Вилби» ЖЧКсынын жаңы балыкты кайра иштетүү комплекси пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев катышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, ишкана балыкты кайра иштетүүнүн, даяр продукцияларды жана жарым фабрикаттарды өндүрүүнүн, ошондой эле аларды заманбап муздаткыч кампаларда сактоонун толук циклин камсыздайт.
Комплекс суткасына 18 тоннага чейин балыкты кайра иштетип, 10 тоннага чейин даяр продукция өндүрүүгө жөндөмдүү.
Муздаткыч кампалардын бир жолку сактоо сыйымдуулугу 1 500 тоннаны түзөт. Долбоордун алкагында 100гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт.
Рустам Балтабаев жаңы ишкана ата мекендик чийки затты кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүп, кошумча наркы жогору продукция чыгарууга жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Долбоор Россия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылган.