www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 22-сентябрында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Потсдам шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык кызматташтык жана квалификациялуу кадрлар бөлүмүнүн башчысы Торстен Штер менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана Потсдам шаарынын Соода-өнөр жай палатасы менен өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.
Тараптар Кыргызстандын ишканалары менен Германиянын Бранденбург федералдык жериндеги компаниялардын ортосунда түз байланыштарды түзүү маселесин карашты.
Ошондой эле ишкердик байланыштарды алмашуу, потенциалдуу өнөктөштөрдү табууга көмөктөшүү жана өз ара пайдалуу долбоорлорду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары, Кыргызстандан Германияга квалификациялуу кадрларды тартуу маселеси талкууланып, бул багытта тиешелүү уюмдар менен ишканалардын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү каралды.