www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокен районунда 100гө жакын айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүгө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Унаа” мекемесинин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп, айдоочулук күбөлүк берүү үчүн 40 миңден 150 миң сомго чейин акча алышкан.

“Алар маалыматтык тутумга архивдик документтерге туура келбеген маалыматтарды киргизишкен. Кийин бул маалыматтар “Түндүктөн” чыгып, жарандар айдоочулук күбөлүктөрүн жоготкон деген негизде жаңысын алышкан. Мындан тышкары, сынактан өтпөй калгандарга да күбөлүк берилген учурлар аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишинин алкагында бир кызматкер жана ортомчу кармалып, тергөө абагына киргизилгени айтылды.

 

Последние новости