www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Министрлик менен German Society for International Cooperation (GIZ) ортосунда «Борбор Азиядагы жашыл экономика үчүн жашыл көндүмдөр» аттуу регионалдык долбоорду ишке ашыруу боюнча Макулдашууга кол коюулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, министрликтин өкүлдөрү, ошондой эле GIZ уюмунун регионалдык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькерс жана уюмдун кызматкерлери катышты.

Иш-чара учурунда Канат Сагынбаев өз сөзүндө бул келишимге кол коюу Министрлик менен GIZ ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. Долбоор «жашыл» экономика тармактарында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана жумушчу күчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын айтты.

Министр заманбап компетенцияларды калыптандыруу жана «жашыл» көндүмдөрдү өнүктүрүү туруктуу жана экологиялык багыттагы экономикалык өнүгүүгө өтүү шартында өзгөчө актуалдуу экенин баса белгиледи. Долбоорду ишке ашыруу «жашыл» тармактар үчүн адистерди даярдоого жана калктын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Регионалдык долбоор Борбор Азия өлкөлөрүндө жаштардын жана чоңдордун иш менен камсыз болуусун жакшыртууга багытталган. Долбоордун алкагында экологиялык багыттагы экономиканын талаптарын эске алуу менен «жашыл» көндүмдөрдү, кесиптерди жана долбоорлорду өнүктүрүү боюнча методикаларды иштеп чыгуу жана киргизүү колдоого алынат. Адистерди даярдоонун негизги багыттарына күн технологиялары, энергияны үнөмдөө, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана калдыктарды башкаруу кирет.

Мындан тышкары, долбоор билим берүү программаларын жаңыртууну, окутуунун инновациялык формаларын киргизүүнү жана аймактагы өлкөлөр ортосунда мыкты тажрыйбаларды алмашууну да карайт. Бул бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана кадрларды даярдоонун эмгек рыногунун талаптарына шайкештигин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Последние новости