www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 2026-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кванджэ менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Министр Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен достук мамилелерди жогору бааларын жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Айрыкча 2024-жылдын декабрында эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу өнөктөштүк мамиленин түзүлүшү саламаттык сактоону кошкондо ар түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачканы белгиленди.

Тараптар ошондой эле 2026-жылы өткөрүү пландалып жаткан «Борбордук Азия — Корея Республикасы» саммитине даярдык маселелерин талкуулашты. Бул саммит стратегиялык диалогду мындан ары чыңдоо жана практикалык кызматташууну кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча катары каралууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Economic Development Cooperation Fund уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан саламаттык сактоо тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын куруу долбоору ишке ашырылып жатат, ошондой эле «Медициналык шаарча» демилгесинин алкагында Улуттук госпиталдын жаңы корпусун модернизациялоо жана куруу долбоору даярдалууда.

Саламаттык сактоо министри ошондой эле медициналык кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз адистери Korea Foundation for International Healthcare уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан программалардын алкагында, анын ичинде Lee Jong-wook Fellowship Program эл аралык программасы боюнча билим алышууда. Бул программа ата мекендик адистерге заманбап медициналык технологиялар жана алдыңкы башкаруу тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, кыргыз тарап Корея Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына калкты колдоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү максатында үзгүлтүксүз жөнөтүлүп жаткан медициналык миссиялар жана гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө, анын ичинде медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, медициналык кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу багыттарында кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.

Последние новости