www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов жетектеген делегация Индонезиянын делегациясы менен жолугушту.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу 20-мартта Венада Баңгизаттар боюнча комиссиянын 67-сессиясынын алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн олуттуу көйгөйлөрү, Афганистанда баңгизаттарды өндүрүү, синтетикалык баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын көбөйүшү жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен аларды жайылтуу, баңгизаттардын кирешесин адалдоо, баңгизаттарды экспертизалоо жана изилдөө сыяктуу маселелер талкууланды.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында өз ара аракеттенүүнү, маалымат жана тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды активдештирүү макулдашылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости