www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Ага президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары жана шаар тургундары катышты.

Майрамдык салтанат атайын даярдалган концерттик программа менен башталды.

Андан кийин мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алган Нооруз майрамы менен жалпы мекендештерди куттуктады.

Садыр Жапаров улустун улуу күнүндө жалпы кыргызстандыктарга жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге баш калаанын борбордук аянтына орнотулган чакан боз үй шаарчасын кыдырып, республиканын жети дубанынан келген ата мекендик жана кичинекей кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышып чыгышты.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости