www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) делегациясы иш сапар менен келди.

Иш сапардын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинде жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык стандарттарды шайкеш келтирүү, сертификаттарды өз ара таануу жана соода кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөргө министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова жана Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Жанара Бакирова катышты.

Негизги көңүл эки өлкөнүн органикалык стандарттарын шайкеш келтирүүгө жана сертификация системаларын өз ара таануунун натыйжалуу механизмин түзүүгө бурулду.

Бул органикалык продукция өндүрүүчүлөр үчүн тоскоолдуктарды азайтып, кыргыз продукциясынын Кытай рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар:
органикалык продукциянын сертификаттарын өз ара таануу боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишти;
техникалык регламенттерди жана органикалык стандарттарды шайкеш келтирүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча макулдашты;
кыргызстандык адистер үчүн окутууларды жана стажировкаларды уюштуруу маселесин карады.

Тараптар органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Последние новости