www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында курулуш объектилерин текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам талаптарын жана курулуш ченемдерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы билдирди.
Текшерүүдө Кадыров көчөсү, 92 дарегиндеги конок үйү жайгашкан жер тилкеси жеке турак жай курууга (ИЖС) арналганы аныкталган. Ошол эле учурда жер тилкесинин жана турак жайдын максаттуу багыты мыйзамда белгиленген тартипте өзгөртүлбөстөн, объект конок үйү катары пайдаланылып келген.
Мындан тышкары, Коенкозов көчөсү, 10 дарегиндеги көп батирлүү турак жайларда тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштерин жүргүзүү фактысы аныкталган.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча жооптуу И.Ф.Г. жана А.М.М. аттуу жарандарга карата тиешелүү актылар түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чаралар көрүлдү.