www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 27,2 млрд долларга жетип, тарыхый рекордду жаңылады. Бул тууралуу Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынынын жана Кытай элдик саясий консультациялык кеңешинин сессияларынын жыйынтыгы боюнча өткөн брифингде Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзяньпин билдирди.

Элчинин айтымында, бул 2024-жылга салыштырмалуу 20 пайызга жогору.

«Өткөн жылы Кытайдын Борбор Азиядагы беш өлкө менен болгон жалпы соода көлөмү 100 млрд доллардан ашты. Бул зор көрсөткүчтүн төрттөн бир бөлүгүнөн көбү Кыргызстанга таандык. Бул – Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык мамилелеринде жаңы тарыхый максималды расмий түрдө бекемдеген олуттуу көрсөткүч», – деп билдирди ал.

Последние новости